“Echo Look” адамдын сырткы келбетин сындайт

12-Май 2017, Жума

“Amazon” компаниясынын “Echo Look” смарт-камера үн чыгаруучу функциясы аркылуу адамдын сырткы келбети, кийген кийими туурасында өз пикирин айта алат. Түзүмгө кол тийгизбестен аны сүрөт же видео тартуусун сурануу менен өз кийимиңизге баа ала аласыз. Бул тууралуу life.info сайты маалымат берди.

“Style Check” функциясы кийим-кече жана анын стили азыркы мода багыттарын, түсү туурасында маалымат берет жана буларды эске алуу менен сиздин кийинүү стилиңизди баалайт. Убакыттын өтүшү менен “акыллдуу” болуп, гардеробду жана адамдын жеке кийим тандоосун жаттап калат.

Эгер колдонуучу кайсы кийим жакшы көрүнөөрүү туурасында бир чечимге келе албай жатса, “Echo Look” түзүмү сүрөткө тартып смартфондун экранына өз баасын чыгарат. Мындан сырткары профессионал стилисттер да өз баасын беришет.

“Echo Look” наушник жана динамика, төрт учунда турган светодиод жарыгы, ошондой эле сенсорлуу камера менен жабдылган. Ал эми калган бөлүгү “Dot” жана “Tap” смарт-колонкалары айырмаланбайт. “Alexa” үн жардамчысы аркылуу “Amazon” интернет-магазини аркылуу тапшырыш берип, аба ырайын билип, “Wikipedia”дан кабар же бир макаланы уксаңыз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!