Ийри-Суудагы жолду жер көчкү басып калды

10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында 8-апрелде саат 05:00 чамасында Жаңгакты айылынын Токто участкасында колоттон көлөмү 22400 кубометр жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-апрель күнү эрте менен кайрадан экинчи ирет ошол эле жерден узуну 800 метр, туурасы 50-100 метр, бийиктиги 10-12 метр, болжолдуу көлөмү 650 кубометр жер көчкү түшүп, 250 үй-бүлөгө баруучу ички чарбалык жолду жаап калган.

Жер көчкү жүргөн аймака ӨКМнын кызматкерлери жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, барып абал менен таанышкан.

Айылдагы 250 турак үйдө жашаган элге убактылуу айланма жол салуу үчүн ӨКМ өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 бульдозер тартылган жана бүгүнтөн тартып тазалоо иштери жүргүзүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!