Шахтада калган эки адам изделүүдө

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Жыргалаңдагы “Дөргө көмүр” шахтасында 2 адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл аймагында 22-апрелде саат 17:30 чамасында “Дөргө көмүр” шахтасында иштеген Н.К.жана А.Т. болжол менен саат 16:30да шахтага көмүр казганы киришип, белгисиз себептер менен кайра кайтып чыгышкан эмес.

“Ошол эле күнү саат 18:10дөн баштап 20 ашык куткаруучу тартылып, 23 -апрель саат 05:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок табылган жок. Издөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!