Кыргызстандыкты 13-кабаттан ыргытышкан

25-Апр. 2017, Шейшемби

Москвада белгисиз адамдар 50 жаштагы Талантбек Султанканов аттуу Кыргызстандын жаранын бычактап кетишкен. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Багыт Бапанов билдирди.

18-апрель күнү Люберцы шаарында эки эркек жана бир аял киши Талантбек Султанкановду катуу ур-токмокко алышкан. Маркумду 9 жолу бычактап, сөөгүн 13-кабатынан ыргытып жиберишкен.

Белгилей кетсек, кечээ 24-апрелде маркумдум сөөгү мекенине жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!