27-май орозонун алгачкы күнү деп жарыяланды

26-Май 2017, Жума

Асмандын бүркөө болгондугуна байланыштуу ай көрүнбөдү. Ошондуктан үстүбүздөгү Шаабан айын 30на толуктап, 27-май, ишемби күнү улуу Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялайбыз. Мындай маалыматты Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-майдан 27-майга караган түнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 03:16да ооз бекилип, орозо кармалат. Ал эми тарабих намазы бүгүн, 26-майдан тарта бардык мечиттерде окула баштамакчы. Калган аймактар орозо календары боюнча ооз бекитишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!