Авиакырсыкта жапа чеккендер Түркияга эс алууга кетишти

8-Июнь 2017, Бейшемби

“Манас” аэропортуна жакын Дача айылында кулаган учак кырсыгынан каза болгондордун туугандары Түркиянын Анталия шаарына эс алууга жөнөп кетишти.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жапа чеккендерди эс алууга жиберүү келишимине биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүк комиссиянын түрк тарап менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген. Эс алууга кеткен бардык 39 жарандын чыгымдарын түрк тарап өзүнө алды.

Каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушууда Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүк комиссия «ACT Airlines» жана камсыздандыруу компаниялары менен каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга кенемте төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, бул эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам берерине ишеним артарын белгиледи.

Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдарды көрсөтүү каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!