"Рух-Ордодон" бомба табылган жок

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинин аймагына бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү таңкы саат 6:00дөр чамасында райондук ички иштер башкармалыгына анонимдүү телефон чалуу болуп, “Рух-Ордо” маданий комплексинде жана жанындагы ресторанда бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ага ылайык комплекстин аймагы толугу менен курчоого алынып, окуя болгон жерге саат 12.00дө борбор калаадан кинологдор менен саперлор келишкен. Бомбаны издөө иштери түн ортосуна чейин жүрүп, эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.

Учурда милиция бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан кишини издеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!