Дары ичкенде кандай тамактануу керек?

5-Июль 2017, Шаршемби

Ар бир дары организмге эки жол менен барат: ичүү жана ийне саюу аркылуу.

Эгер дары организмге ичүү аркылуу түшсө, анын жеткиликтүү түрдө жакшы тааиср берүүсүнө кадимки күндө ичип жүргөн тамак таасир берүүсү мүмкүн. Дары ичип алып, артынан тойуп тамак жеп алсак, оганизмге жаңы барган дары тамак менен аралашып кетип, жакшы натыйжа бере албай калат. Тагыраак айтсак, дары менен акчабыз талаага кетип, эмгегибиз текке кетет.

Ошондуктан дарыны туура кабылдай билүү жөнөкөй болуп көрунгөнү менен өтө маанилүү. Көп адам дарыгердин айтканын толук кандуу аткара беришпейт. Ошентип жүрүп оору күч ала берет.

Ооруганда милдетүү түрдө дарыгердин айтканына кулак салуу керек. Дарыны кайсы убакта ичүү керек экенинин тактап сурап алыңыз.

Эгер дарыгер так эч нерсе айтпаса, дарынын ичинде жазылган кагазда да оң эч нерсе жазылбаса, ар бир даарыны тамак ичээрге чейин 30 мүнөт убакыт калганда ичүү керек.

Дарыгер бул дарыны канча убакыт ичүү керектигин айтса ошончо убакыт эринбей кабыл алыңыз. Аягып кеткендей сезилсеңиз да, оору толук жоюлганча, дарыны үзбөй алуу керек.

Экинчи бир маселе, дары иче баштаганда, тамакка өтө маани бере бербейбиз. Тамак – организмдин күчү. Ошол себептен да дары менен тамактын шайкештигин көңүлгө алуу керек.

Антибиотик ичкенде, сүттен баш тартыңыз. Анткени сүт антибиотиктин таасирин начарлатат. Арак-шараптан, газдалган суусундуктан оолак болуу зарыл.

Аспирин ичкенде, белок, май, кычкылтектерден алыс болгон жөн. Цитрус ширелерин да аспирин менен бирге ичпеңиз.

Курамында темир бар препарат ичкенде, кофе, чай, ун азыктары менен таттуулардан, жаңгак, сүт азыктарынан алыс болуу кажет.

Жалпысынан дары ичип жургөндө арак-шарап, темекини коё турган оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!