Кырсыкка кабылган дарыгер каза болду

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Алай районунда жол кырсыгына кабылган доктурлардын бири көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын билдирген маалыматы боюнча, жол кырсыгы Жошолу айыл аймагында, 1-июль күнү мед кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп Аюу-Тапан жайлоосунан кайтып келатканда болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын бирөөсү Алай райондук ооруканасына жеткирилип, экинчиси ар кандай сыныктар менен Оштогу клиникалык бейтапканасына жеткирилген. Калгандары үйлөрүндө, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!