Кемалды туурагандар арасында сынак башталды

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Көпчүлүк кыз келиндердин жүрөгүнө бүлүк салган түрктөрдүн “Түбөлүктүү сүйүү” ("Kara sevda") сериалында Кемаль деген ат менен башкы каармандын ролун ойногон актердун жана мындан башка каармандардын образын мыкты аткаргандар арасында сынак башталды. Бул тууралуу “NTV” телеканалынын “Таң маанай” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлайым Мурзаева билдирди.

Анын айтымында, күн сайын эфирге чыгып келген “Таң маанай” көрсөтүүсүндө көрүүчүлөргө сынактар өтүп, жеңүүчүлөргө белектер берилип турат.

“Таң маанай” телекөрсөтүүсү күн сайын эфирге чыгып келгендиктен көрүүчүлөр арасында сынактарды өткөрүп турабыз. Мисалы өткөн берүүбүздө көрөрмандарга сальто атуу боюнча тапшырма берген элек. Бизге бир катар видеолор келип түшкөн. Анын ичинен жеңүүчүнү аныктап, белегибизди бергенбиз. Кийинки эфирде түрктөрдүн “Түбөлүктүү сүйүү” сериалындагы каармандардын арасында кимдин образы көрүүчүлөргө жакса аны туурап, тасмага тартып көрсөтүлгөн (0777 40 02 02) ватсап номурга жиберүүсү зарыл. Келген тасмалардын ичинен өзгөчөлөнгөн, мыкты көрүүчүнү аныктап, белегибизди бермекчибиз. Албетте бул сынак катылып жаткан таланттар үчүн чоң мүмкүнчүлүк”,-деди Гүлайым Мурзаева.

Эскерте кетсек, сынактын жыйынтыгы 4-июнда аталган көрсөтүүнүн эфиринде көрүүчүлөргө тартууланмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!