Кылмышкердин иши сотко өттү

28-Июль 2017, Жума

Жаш кыздардан опузалап жүздөгөн АКШ долларын алып жүргөн адамдын иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздардын жеке мүнөздөгү сүрөттөрүн интернетке жарыялайм деп коркутуп, ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалган. Ал өткөн жылдын ноябрь айынан баштап Бишкек шаарынын 20 жаштагы жашоочусун интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялайм деп коркутуп, ай сайын 100 АКШ долларын талап кылган.

Жабырлануучудан алган акча каражатынын жалпы суммасы 500 АКШ долларын түзгөн. Ал эми ушундай окуяга 20 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу кабылып, ай сайын 100 АКШ долларын төлөп турганын айткан.

Ошондой эле, 20 жаштагы кыз 2016-жылдын октябрь айында 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү белигисиз адам социалдык тармактарга өздүк сүрөттөрүн жарыялайм деген коркутуу менен көп суммадагы акча каражаттарын талап кылып, жыйынтыгында 15 000 сом алганын айтып милицияга кайрылган.

Ушул сыяктуу дагы 2 жабырлануучу арызданган.

Жогорудагы фактылар боюнча ИИМдин кызматкерлери бир нече ай иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ыкчам иликтөө иш аракеттеринин негизинде 37 жаштагы Нарын облусунун тургуну, убактылуу Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган С.У. аттуу жаран кармалган.

“Жабырлануучулардан акча каражаттарын электрондук капчыкка которуу жана такси кызматтары аркылуу алып жүргөн. Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин “опузалап акча талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот кармалган жаранга карата камакка алуу чечимин чыгарган. Ушул жылдын июнь айынын аягында тергөө иши жыйынтыкталып, С.У. аттуу жаранга опузалап акча талап кылуу күнөөсү коюлган. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин сотко өткөрүп берди”,- деп айтылат билдирүүдө..

Белгилей кетсек, кылмышка шектүү алдамчылык иш-аракеттери үчүн сот жообуна тартылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!