​Талапкерлер кандай балл алышты? (үч күндүн жыйынтыгы)

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Талапкерлер кандай балл алышты? (үч күндүн жыйынтыгы)

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлерден сынак алуу 26-июлда башталды. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук коммиссиянын маалымат кызматы билдирет.

26-июлда алгач талапкер Назарбек Нышанов саат 9:00-11:00 чейинки аралыкта сынактан өтүп, 74,15 балл алды. Андан соң Темир Сариев саат 13:30-15:30 чейин сынак тапшырып, жыйынтыгында 81,8 балл топтой алды. Соңунда, дагы бир талапкер Арстанбек Абдылдаев саат 15:00-17:00 чейинки убакытта 61,2 балл менен сынакты ийгиликтүү тапшырды.

27-июлда тестирлөөдөн өткөн талапкерлер Рита Карасартова 86 балл, Бакыт Дегенбаев 89,5 балл, Сайнидин Султанидинов 60,35 балл, ал эми Камила Шаршекеева 80,9 балл алды.

Тестирлөөнүн үчүнчү күнүндө, 28-июлда Турсунбай Бакир уулу 88,6 балл, Бакыт Торобаев 71,8 балл, Таалатбек Масадыков 79,8 балл алса, ал эми Омурбек Бабанов 93,5 баллга ээ болуу менен сынактан ийгиликтүү өттү.

Сынактан өткөн талапкерлерге топтогон баллы тууралуу дароо маалымат берилди. Күндүн жыйынтыгы менен В2 деңгээлиндеги сертификаттары тапшырылууда.

Эртең 1-августта талапкерлер Замира Муратбекова саат 9:00-11:00 аралыгында, Санжарбек Энназаров саат 10:30-12:30 чейин, Сагынбек Абдрахманов саат 13:30дан 15:30га чейин, ал эми Мукар Чолпонбаев саат 15:00-17:00гө чейин тестирлөөдөн өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жобого ылайык талапкерлер төрт субтесттен турган (“Лексика-грамматика, жазуу”, “Аудирлөө”, “Окуу” жана “Сүйлөө”) тестирлөөдөн өтүшөт. Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60 пайызынан ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлинде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100 пайыздын ичинен 60 пайыздан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган упайы көрсөтүлгөн маалымкат берилет.

Эске сала кетсек, бүгүн 31-июлда талапкерлер “Кыргызтест” борборунда машыгуудан өтүп жатышат. Көндүм тестинен өтүү саат 17:00гө чейин уланмакчы.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байма-бай маалыматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "mamtil.kg" расмий сайтынан алууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!