​Бишкекте мамлекеттик тил күнү белгиленди (фото)

​Бишкекте мамлекеттик тил күнү белгиленди (фото)
21-Сен. 2017, Бейшемби, 13:39

Бүгүн, 21-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара болду.

Ага шаар жетекчилиги, калаадагы мектеп директорлору, бийлик өкүлдөрү жана коомчулук катышты. Майрамдык салтанатта кыргыз тилинин өнүгүшүнө, тил саясатын жүргүзүүдө үзүрлүү эмгектенгени бир катар мекемелердин жетекчилерине, мугалимдерге мэрия тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Президенттикке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, “Кыргыз тили” коомунун президенти тарабынан дагы сыйлыктар тапшырылып, төш белги жана ардак громата менен дагы бир катар мекемелердин жетекчилери, мугалимдер, бала бакчанын жетекчилери сыйланышты.

Бала бакчадагы балдардын колунан жасалган эмгектер.

Бишкектеги бөбөктөрдүн эмгектеринен атайын көргөзмө дагы уюштурулду.

Ата-эне менен балдар чогуу жасашкан кыргыз элинин көчмөн маданиятын чагылдырган экспонат.

Биринчи май районундагы №78 бала бакчасынын тарбиялануучулары жасаган эмгек.

Белгилей кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл 28 жыл толот. Бул датага карата өлкө аймагында түрдүү иш-чаралар өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!