​Өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча китеп чыкты

18-Окт. 2017, Шаршемби, 17:17

ӨКМдин Жарандык коргонуу боюнча адистери даярдоо борборунун аймактык кафедрасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдарды алдына алуу боюнча үй-бүлөлүк көрсөтмө китеби иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

“Кыргызстандын шартына карата көрсөтмө 2017-жылдын июнь айында басылмага берилип, чыгарылды. Бул нускамада жер титирөө, суу ташкыны, өрт кырсыгы, радиация жана жер көчкү сыяктуу кырсыктар боюнча практикалык кеңештер жана көрсөтмөлөр сүрөттөрү менен чагылдырылды”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, нускаманын басылып чыккан саны аз болгондугуна байланыштуу, калкка кеңири жайылтуу максатында ӨКМнын расмий mes.kg сайтына жайгаштырылды.

Бул шилтеме аркылуу кирип, китепти көчүрүп алуу, үй-бүлөңүздөргө тааныштыруу сунушталат. http://mes.kg/upload/news/kitep.pdf


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!