​“Ош-Сары-Таш-Эркештам” жолундагы объектилер алынды

10-Март 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолунун боюндагы Шарк жана Мады айылындагы 68 курулуш объектиси текшерлип, 18 объект учурда буздурулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган курулуштар “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолунун боюнда эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз жайгашкан.

“Мыйзамсыз курулуш тууралуу Мамэкотехинспекция адистери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкташкан. Мамэкотехинспекция тарабынан Шарк айыл аймагы боюнча 56 объект, Мады айыл аймагында 12 объект жеринде каралып, мыйзамсыз курулуштардын ээлерине актылар түзүлүп, буздуруу талабы коюлду”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолундагы 18 объект толугу менен буздурулса, калган объектилердин алдыруу боюнча берилген эскертүүлөрдүн убактысы келе элек. Мөөнөтү келип, мыйзамсыз курулуштар ээлери тарабынан алынбаса, буздуруу чаралары колдонулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!