​Каныбек Жолчубеков грек-рим боюнча Кыргызстандын чемпиону

​Каныбек Жолчубеков грек-рим боюнча Кыргызстандын чемпиону
23-01-2017

Бишкекте 21-22-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандын аймактарынан келген курама командалардын спортчулары катышып, спортчулар 59 килограммдан 130 килограммга чейинки салмактагылар арасында мелдешти.

Жыйынтыгында эң жеңил 59 кг салмакка чейинки категориялар арасындагы мелдеште Каныбек Жолчубеков өлкө биринчилигинин чемпиону болду. Мындан тышкары Нургазы Асангулова (71 кг), Атабек Азисбеков (80 кг), Узур Жузупбеков (89 кг) Кыргызстандын чемпиону аталды.

Мелдеш аталган спорттун түрүн жайылтуу жана Кыргызстандын курама командасына мыктыларды тандап алуу максатында өткөрүлдү. Иш-чараны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Күрөш федерациясы уюштурган.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!