​Универсиада-2017: Кыргыз cпортчулары качан мелдешке чыгат?

​Универсиада-2017: Кыргыз cпортчулары качан мелдешке чыгат?
25-01-2017

Универсиада-2017: Кыргыз cпортчулары качан мелдешке чыгат?

Алматыда өтө турган “Бүткүл дүйнөлүк XXVIII Кышкы универсиада-2017” оюндарына Кыргызстандан спортчуларынын мелдешке чыга турган күн тартиби маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, таймаштар 29-январдан 8-февралга чейин уланып, ага дүйнөнүн 50 мамлекетинен 2 миңден ашуун студенттер катышат. Оюндун 12 түрү 8 спорттук аянтта өтмөкчү. Кыргызстандан 9 спортчу оюндун 4 түрү боюнча мелдешке чыгат.

Муз бийинен 1-февралда Кристина Бедросова, 2-3-февралда биатлондон Николай Матвеев, 2-февралда сноубординг боюнча Тимур Губаев, Евгений Кузьмин жана Павел Вакурин, 4-7-февралда тоо лыжа боюнча Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев, Алексей Вакурин, 4-февралда лыжа мелдешинен Тариэл Жаркымбаев жана Кундуз Абдыкадырова беттешке чыкмакчы.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!