Батирден аял кишинин сөөгү табылды

10-Март 2017, Жума

Бишкектеги батирлердин биринен 64 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ күнү Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бектенова көчөсүндөгү №1-үйдүн 26-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1953-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!