​Мектептерге 2800дөн ашуун китеп тапшырылды

13-Март 2017, Дүйшөмбү

Мектептерге 2800дөн ашуун китеп тапшырылды

Жалал-Абад шаарындагы жыйырма мектептин башталгыч класстары үчүн кыргыз тилинде 2800дөн ашуун китеп тапшырылды. Бул тууралуу маалыматты аталган долбоордун Жалал-Абад областы боюнча мониторинг жана баалоо координатору Айпери Калбекова билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан ЮСАИД Кыргызстандын мектептери үчүн 264 миңден ашык китептерди тапшырган. Китептерди тапшыруунун расмий аземи Жалал-Абад шаарындагы №3 Ж. Бакиев атындагы орто мектепте өткөрүлдү.

“Шаардагы ар бир мектеп 123 китептен алат. Алар алгачкы окурмандарга ылайыкталган, кыргыз тилинде жазылган жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырларды камтыган китептер. Китептер ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилип жатат. Аталган долбоор өлкө боюнча 60 пайыз мектептерде иштеп, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу максатында болуп жатат”,-дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!