Илгиз Каналбек уулу Түркияда коло тагынды

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандык балбан Илгиз Каналбек уулу Түркиянын Самсун шаарында Сурдолимпиада оюндары күнүнө карата өткөн дзюдо боюнча мелдеште коло байгени утуп алды.

Спортчу 100 кг салмактагы жогорку категорияда күч сынашкан.

Алгач украиналык, чейрек финалда россиялык, коло байге үчүн кармашта ирандык спортчуну жеңип алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!