85 жаштагы карыядан математикалык фокус

12-Май 2017, Жума

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 85 жаштагы тургуну Токойкул Оморкулов Бишкек шаарынын Чүй жана Манас проспектисинин кесилишиндеги жер астынан өтүүчү өтмөктө соода кылган соодагерлерди математикалык фокус менен таңкалтырды.

Карыя аталган өтмөктүн астында соода кылган соодагерлердин биринен алыш-бериш кылып жатып, сатуучуну күтүүсүздөн кепке тартып, “Мен сага суроо берем? Сен да суроомо жооп берип тур, мен да сага качан туулганынды айтып берем!”, - деп соодагерге кайрылды.

Соодагер карыянын күтүүсүз суроолорунан улам ага таң калуу менен тигиле карап, алгач анын суроолоруна анча маани бере бербегендей “Айта бериңиз”,- деди.

Ал эми Оморкулов соодагерге “Калькуляторуңду колуңа алып, сөзүмдү жакшылап ук да, айткандарымды калькуляторуна басып, эсептеп тур. Аягында канча сумма чыкканын айт”,- деди.

Кардардын мындай жоруктарына сатуучунун ачуусу келсе да, анысын байкатпай, “Угуп жатам, айта бериңиз”,- деп үн салды.

Аңгычакты карыя “Өз туулган күнүндү сан түрүндө эсептегичиңе бас да, аны 20га көбөйтүп, барабарды бас”, - деди.

Сатуучу “Көбөйтүп, барабарды да бастым. Анан...”,- деп кардарды шаштырды.

Карыя: “Ал суммага 73тү кошуп, аны да 5ке көбөйт да кайра барабаңды бас!”,- деп сөзүн уланты.

Сатуучу колунун учу менен акырын калькуляторду баскылап, карыянын айткандарын аткарган соң, шаштысы кетип “И кылдым”,- деди.

Карыя: “Бул суммага туулган айыңды сан түрүндө кош, ага дагы 35 кош да, мага чыккан жыйындыны айтчы”,- деди.

Сатуучу “коштум, жалпы сумма 3003 чыкты”,- деп карыяга "сурооңуз бүттүбү?" дегендей тиктеди.

Карыяда соодагерге акырын “Туулган күнүң 26-март экен”, -деп айтканда, сатуучу бул 85 жаштагы карыянын айткан сөзүнө таң калып, “Сиз менин туулган күнүмдү кантип билип койдуңуз?”,- деп карыяга кайрылды. Ал аңгычакты карыя менен соодагердин сөздөрүнө кулак салып, ары жакта отурган соодагерлер да бери басып келип, карыянын сөзүнө кызыгуу менен тыңшап калышты.

Карыя соодагерди тамашалап, “Суроомо жооп берсең, апаңдында туулган күнүн да айтып берем!”- деди.

Бирок, карыя бул математикалык фокустун сырын сатуучунун өтүнүчү менен айтып берди.

Мисалы; сатуучунун туулган күнү 15-май деп коелу. Муну карыя кандай жол менен тапканын төмөндөгүчө түшүндүрүп беребиз:

1) 15 * 20= 300

2) 300+73= 373

3) 373 * 5=1865

4) 1865+5= 1870 (Сатуучу май айында туулган үчүн бул айды сан түрүндө жогорку суммага кошоcуз)

5) 1870+35=1905

6) 1905-400=1505 (Жалпы кандай сан чыкса чыксын, андан 400дү кемитеcизда, андан калган калдыктын алдынкы санын адамдын туулган күнү, акыркы саны туулган айы экенин билеcиз).

85 жаштагы Токойкул Оморкуловдун айтымында, ал Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде математика сабагы боюнча мугалим болуп, үзүрлүү эмгектенген. Ал учурда Бишкекте жашаган кызынын үйүндө эс алууга келген. Ошондой эле ал “Азыркы учурда кыргыз эли үчүн кызмат кылып жаткан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков жана Максат ажы Токтомушев менин окуучуларым”,- деп бир сыймыктанып алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!