Чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлду

17-Авг. 2017, Бейшемби


Кечээ, 16-августта Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны жана аталган эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Жыйын Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү.


Жыйын башталышынан алдын эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болду. Ага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Ал ортодо Кыргызстандын мурдагы жана азыркы өкмөт башчыларынын маалымат катчылары чай үстүндө баарлашты.




Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусунан кийин бийлик өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуусу каралган.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жыйынга абай салып кароодо.



Жыйында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тынбай иш алып барышты.


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өтүп жаткан жыйын учурунда кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу мүнөздөгү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналарын айтты.


Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Өзбекстан Кыргызстан менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.


Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктаган соң, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйын болду.


Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.



Кыргыз-өзбек мамилелеринин жаңы барагы ачылып, бул күн тарыхый күн болуп калды.




Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссия менен эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны аяктады.

Айта кетсек, жыйын учурунда "Манас" проспектиси резиденциядан Чүй көчөсүнө чейинки аралыкта милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып турду.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!