Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын издеп куткаруу ишинин нускоочусу болуп эмгектенген Жалил Солпуев “Адамдардын өмүрүн сактап калсам деп кыялданам”, -деп билдирди “Zaman.kg” сайтына.
Каарманыбыздын айтымында, ал куткаруу ишине бара жатканда ар кандай жаракат алган же көз жумган адамдар менен бетме-бет келип калышы мүмкүн экенин эске алып, ар дайым психологиялык жактан өзүн даярдап алып барат. Куткаруу ишинен кайтып келгенден кийин иштен аларга тиешелүү психологиялык жактан жардам көрсөтүүлөр маал-маалы менен болуп турат. Ошондой эле Солпуевдин билдирүүсүнө ылайык, адамдардын көбү кайдыгерликтен улам бул жашоо менен кош айтышат.
“Биз сууга түшүп жаткан адамдарга ичимдик ичпеши керектиги боюнча, тоо туризм менен алектенген адамдарга кайсы маршрут менен саякатка кеткендигин билдирип коюулары керектиги боюнча көп эле түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок, ага карабастан айрым адамдар мындай ишке кайдыгер мамиле кылып өз өмүрлөрүн тобокелге салып коюшат. Бул жакшы эмес. Анын аягы өлүм менен да аяктап калышы мүмкүн. Ошондуктан адамдар биздин кеңешти угуп, иш кылса эч ким жаман окуяга туш болбойт эле. Мисалы, тоо туризм менен алектенген адамдар кокус кырсыкка кабылса, анда биз алардын кайсы каттам менен каякка кеткендиги боюнча калтырып кеткен маалыматты боюнча батыраак куткарып алууга мүмкүнчүлүк болмок. Тилекке каршы, айрым адамдар андай маалыматты калтырышпайт. Анын кесепетинен улам, кээде биз кыштын суук күнүндө аларды куткаруу үчүн күн-түн дебестен жолго чыккан учурлар болот. Аларды аман-эсен табуу үчүн ачка-ток дебестен тоодогу калың карды 3-4 күн кечүүгө туура келет. Ал эми куткарууга барганда адамдын өлүп калганын көргөндө кейип каласың. Айрыкча кары адамдар өз үйүндө жатып көз жумганын, селсаяктардын ар кайсы люктун ичинде өлүп калганын көрүп, ушуларды караган жакын бир адамы болсо болмок деп кейийсиң. Анткени, алар көз жумгандан кийин 10 күнгө чейин жерге көмүлбөй жатып калгандыктан сөөк жыттанып кетет. Ошондой эле куткаруу иш учурунда жаш ата-энелердин баласынан ажырап калганын көргөндө эмне кылаарыңды билбей каласың. Бул өтө кыйын нерсе”,- дейт Солпуев.
“Адамдарды ажал оозунун суруп калсаң, анда элден алкыш менен рахматын угуп, сүйүнүчүндөн кубанычын койнуңа батпай калат. А эгер тескерисинче болуп калса, анда жаман абалда ыйлагың келип өзүң аран турганда, элден ар кандай сөздөрдү угуп да каласың. Бирок, баарына чыдоо керек. Адамдын өмүрүн сактап калып, элден алкыш укканда куткаруучуларга карата айтылган ар кандай терс сөздөрдү, ишиңдин оор экенинда унутуп каласың. Адам өмүрүн сактап калуудан ашкан бакыт жок. Мындан 1 жыл мурда Бишкек шаарынын Медеров менен Правда көчөөсүнө жакын аймакта жашаган жаш кыз энеси менен уруша кетип, өз жайын кыйууга аракет кылып жаткандыгы боюнча бизге маалымат келип түшөөрү менен биз ал кызды куткарып калуучу үчүн окуя болгон жерге шашылып бардык. Барганыбызда жаш эле кыз 8 кабаттан секирип, өз жанын кыйганы жатыптыр. Кызды аман эсен өмүрүн сактап калуу үчүн 9 кабаттын балконундагы пожарный тепкичтен 8 кабатка секирип кирип, ал кыздын өмүрүн сактап калдык. Ошондо куткарылган кыздын ата-энесинин кубанганын көрүп алып, аябай сүйүнгөм, азырда сүйүнөм. Ал күндү ушул күнгө чейин көз алдымда так элестетем. Ошондуктан куткаруу иштерине чыкканда адам өмүрүн сактап калсак экен деп тилейбиз жана ага болгон аракеттибизди жумшайбыз”,- деди ал.
“Ишим оор экенине карабастан менин ишим жакшы экенин үйдөгүлөргө айтып коем. Анткени, иш учурунда болгон же көргөн нерселерди үйгө айтып келе берсем алар сарсанаа болуп, бул иште иштешимди каалабарын билем. Ошондуктан ишим оор экенин айтпайм жана сураса да баары жакшы деп коем. А негизинен өзүм куткаруучу болуп иштегениме эч качан өкүнбөйм. Себеби мен адамдардын өмүрүн сактап калгым келет жана кыялданам. Ооба, ишим оор деңизчи. Бирок, бир убакта куткаруучулардын да эмгектери бааланып, мага да мамлекет тарабынан үй берилип калаар деп үмүттөнөм ”,- деп кошумчалды ал.
Каарманыбыз жөнүндө айтка кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын издеп куткаруу ишинин нускоочусу Жалил Солпуев Бишкек шаарында жашайт. Үй-бүлөлүү. Бул тармакта 3 жылдан бери эмгектенет.