Канча саат отуруп иштейсиз?

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:45

АКШ окумуштуулары адамдын ден-соолугуна зыян келтирбей отуруп иштөөсүндөгү эң узак мөөнөттү аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыктары “Annals of Internal Medicine” сайтына жарыяланды деп кабарлайт америкалык дарыгерлер колледжи.

Эксперттер отургучта жарым сааттан ашык отурбоого кеңеш беришет. Отруп иштөө учурунда адистер ар бир 30 мүнөт сайын үзүлүш жасап, отургучтан туруп көнүгүү жасап, бир аз кыдырып келүү керектигин айтышат.


Авторлор 45 жаштан ашкан 8 миңге жуук респонденттердин өмүр сүрүү узактыгы менен бир жерден жылбай отуруусунун ортосундагы байланышты изилдеп бул жыйынтыкка келишкен.

Алынган маалыматтарга шайкеш, орточо эсеп менен 16 саатын 12,3 саатын адам отуруп өткөрөт. Эң аз дегенде жарым саат сайын отурган абалдан туруп, эс алуган адамдарда өлүмдүн минималдуу риски байкалган.

2016-жылдын июнь айында Норвегия, Австралия жана АКШ дарыгерлери эркектер менен аялдардын кыймылсыз жашоо образын терс кесепеттерин толук жоюу үчүн физикалык иш-аракеттер гана жетиштүү экенин билдиришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!