“Forbes” журналы эң бай адамды аныктады

16-Май 2017, Шейшемби

“Forbes” журналы ири “Alibaba Group” электрондук коммерциялык компаниясынын негиздөөчүсү Жек Маны өлкөдөгү эң бай адам деп тапты. Ал байлыгы жагынан “Wanda Group” корпорациясынын башчысы Ван Цзяньлинден ашкан.

Өткөн жумага карата Жек Манын материалдык абалы 30,9 миллиард доллар, ал эми Ван Цзяньлиндики 30,7 миллиард долларга бааланды.

“Forbes” журналы учурда Азиядагы эң бай адам гонконгдук мультимиллиардер Ли Цзячэн деп эсептеген. Басылманын маалыматына караганда анын байлыгы 32,9 миллиард долларга жетет.

1988-жылы негизделген “Dalian Wanda” кеңсе жана турак жайларды куруу менен алкектенсе, учурда спорт, туризм, көңүл ачуу жана кино тармагында иш алып барат.

Ал эми “Alibaba Group” Кытайда электрондук коммерция тармагындагы эң ири интернет-компания болуп саналат. 1999-жылы Жек Ма тарабынан негизделген ишкана “Alibaba Pictures”, “Alibaba.com”, “AliExpress.com”, “Taobao.com”, “Tmall.com” сыяктуу бир нече интернет-аянтчалардан турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!