Оппозиция биригүүнү чечти

24-Ноя. 2017, Жума, 15:09

Сауд Арабиянын борбору Риад шаарына Сирия оппозициясынын 140ка жакын мүчөсү чогулду. Алар Женева сүйлөшүүлөрүнө 50 мүчөдөн турган делегация менен катышуу жагын макулдашты.

Жыйындын соңунда кол коюлган документте Сириянын жеринин бүтүндүгү колдоого алынары жазылган. Ошондой эле Башар Асад кызматтан кетиши керектигине токтолушкан.

Сирия оппозициясынын маалымат катчысы Фирас аль Халди бул боюнча өткөргөн маалымат жыйынында “Москва платформасы бул талап боюнча тартынып жатышат. Бирок президент Башар Асад жана анын режими кетишине басым жасалат”,-деген ал.

Сириянын президенти Башар Асад Сирияда саясий чечим үчүн Россия, Иран жана Түркия биргелешкен саммит өткөрдү. Ага чейин Россиянын лидери Владимир Путин менен Асад Сочиде жолугушкан.

Анда 6 жылдан бери уланып жаткан Сириядагы ички согушта аскер операциясы аяктап калганы, саясий процессти баштоо керектиги билдирилген.

Анткен менен бул билдирүүдөн бир нече күн өтпөй Сириянын армиясына тиешелүү учак Дамасктын чыгышындагы базарга абада сокку урган белгилүү болду. Кол салууда 7 киши курман болуп, 40 киши жарат алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!