“Чёрная пятница”: арзандатылган баалар

24-Ноя. 2017, Жума, 11:47

АКШда Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоонун алдындагы "чёрная пятница" аттуу арзандатылган баада соода-сатыктар башталды.

Салтка айланган соода майрамы АКШда келип чыккан. Бирок бул жылы Япония жана башка дүйнөнүн ар тарабына тарады. АКШда улуттук майрам катары белгилеген “Ыраазычылык күнүнөн” кийин башталган сатыктагы жеңилдиктер Жаңы жылга чейин, айрым учурда январь айында да уланат.

"Улуттук ритейлерлер ассоциациясынын” маалыматына караганда бул мезгилде Америка элинин 70 пайызы ири өлчөмдө соода кылат. Алар үчүн бул күн көптөн бери күтүлүп, бааларга көз салып турушат. Өлкөдөгү бороон жана суу ташкындарынан кийинки төмөндөөлөр боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдөн улам бул жылы ритейлерлердин "чёрная пятница" майрамынан үмүтү чоң.

“Thomson” изилдөөчү агенттигинин эксперти Жарон Мартис “Reuters” агенттигине берген маегинде “Бул рождество арзан баадагы сооданын башталышы. Башкача айтканда эң кирешелүү учур. Бирок керектөөчүлөрдүн көз карашында жеңилдиктер 40 пайыздан жогору болушу керек. Эгер андай болбосо бул чыныгы “чёрная пятница” маанисин жоготот”,-деген.

Онлайн-дүкөндөр Жаңы жылдын алдында соода сатыкта маанилүү өсүш болорун болжолдоодо. Анын үстүнө көптөрү белектерди үйдө отуруп эле сатып алгысы келет.

Өткөн жылкы “чёрная пятницада” АКШда Интернет аркылуу сатыктын көлөмү рекорддук көрсөткүчтө же 3 миллиард доллардан ашык болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!