Аргентина: кеме жарылганы аныкталды

24-Ноя. 2017, Жума, 12:26

8 күндөн бери изделип жаткан суу астында жүрүүчү кеме жардыруудан улам чөккөнү белгилүү болду.

Аргентинанын деңиз күчтөрү кеме менен байланыш үзүлгөн учурда чыккан башкача үн жарылуу экенин кабарлады. Буга чейин армия мындай божомолдорду жокко чыгарган болчу.

Экипаждын 44 мүчөсүнөн кабар күткөн жакындары үмүтүн үздү. Араларында агасынан айрылган адам бул окуяга деңиз күчтөрүн күнөөлөдү.

Жардыруунун себеби азырынча аныктала элек. Аргентинанын маалымат каражаттары Германияда курулган суу астында жүрүүчү кеменин моторлорун энергия менен камсыз кылган батареяларда көйгөй жаралганын жазды. Адистер мындай жарылууда аман калуу мүмкүн эместигин белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!