​Бишкекте манты фестивалы өтүп жатат (фото)

30-Март 2017, Бейшемби

Бишкекте бүгүн, 30-мартта Манты фестивалы өтүп жатат. Кайрымдуулук максатындагы иш-чараны “Хан-Султан” чайханасы уюштурууда.

Аталган чайхананын администратору Асель Арчибаеванын айтымында, бул иш-чараны чайхананын эмгек жамааты көтөрүп чыгышкан.


“Кайрымдуулук иш-чарада элге мантынын жаңы түрлөрүн арзан баада сунуштоо жана жүрөк оорусу менен жабыркаган 8 жаштагы Байэлдин операциясына жардам көрсөтүү максатында өткөрүп жатабыз. Бул жактан түшкөн каражатты ага жумшайбыз. Учурда мантынын 11 түрү бар, анын алтоосу ар кандай түстө кара, кызыл, сары жана тооктун этинен, козу карындан жасалган мантылар түзөт. Муну баарын бул жактагы өзүбүздүн ашпозчулар жасашты. Учурда мантынын жаңы түрүн кызыккан кардарлардын катары калыңдап жатат”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!