Чүйдө эки өспүрүм бала жоголду

6-Апр. 2017, Бейшемби

Чүй облусунун Москва районунда дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Куттубек уулу Ислам жана 2006-жылы туулган Мырзабаев Байболот изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарына Москва районунун Беловодское айылынын тургуну Куттубек уулу Исламды жана жээни Байболотту табууга жардам сураган арыз менен кайрылган.

Маалымат боюнча, 2-апрелде кечки саат 23:00 чамасында балдар үйүнөн чыгып кетишип, ошол бойдон кайра келишкен эмес.

Белгилери:

Куттубек уулу Ислам – бою 150-155 см., кара тору, арыкчырай, көздөрү кара, чачы кыска кара. Кара түстөгү спорттук шым, көк куртка, күрөң түстөгү кроссовка, кара свитер, кара кыска пальто, кепка, кара галош кийип жүргөн.

Мырзабаев Байболот– бою 135-140 см, кара тору, арыкчырай, чачы кара кыска, көздөрү кара.

Кийими: көк спорттук шым, боз куртка, кара шапка, спорттук кроссовка.

Дайынсыз жоголгон балдар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди Чүй облусунун Москва райондук ИИБне билдирүүнү же төмөнкү телефондорго чалууну суранабыз.

Чүй облустук ИИББ нөөмөт бөлүгү: 0321 43-01-27

Москва РИИБ нөөмөт бөлүгүнө: 0312 60-77-27, ошондой эле 0550 22-17-17 0 555 14-71-71, 0701 15-85-81 0704 69-77-77 телефондоруна чалсаңыздар болот

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Кантемировская 93а көчөсүнүн тургуну, 11 жаштагы Торобекова Аселя Руслановна издөөлүүдө. Ал 3-апрель күнү болжол менен саат 12:15 чамасында, мектепке үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайра кайтып келген эмес. Азыркы убакта кайда жүргөнү белгисиз. Кечээ, 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Чоң Чүй каналын жээктеринен дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Аселяны издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, окуучу кыз табылган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!