Дүйнөдөгү эң кымбат унаа сунушталды

8-Июнь 2017, Бейшемби

“Rolls-Royce” компаниясы “Sweptai” унаасынын жаңы үлгүсүн көрсөттү.

Жакында Италияда болгон “Villa” көргөзмөсүндө чыгарылган бир эле унаа керектөөчүлөргө сунушталды.

Компаниянын басма сөз кызматы маалымдагандай “Sweptail” унаасы баштан-аяк колго кураштырылган. Дизайны 1930-жылдардагы “Rolls-Royce” унааларына окшош. Анын баасы 13 млн доллар деп бааланып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!