Бегимай Карыбекова сулуулар сынагын жеңип алды

6-Апр. 2017, Бейшемби

Кечээ, 5-апрелде Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыргызстан сулуусу — 2017” сынагы болуп өттү.

Сынактын жыйынтыгында, модель, 19 жаштагы Бегимай Карыбекова “Кыргызстан сулуусу — 2017” сынагын жеңип, ага 100 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылды. Эми ал Кыргызстандын атынан быйыл өтүүчү “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына катышууга жолдомо алды.

Биринчи вице-мисс наамына -Айчүрөк Маматемирова, экинчиге вице-мисс наамына - Гүлзада Исламбек кызы, көрүүчүлөрдүн колдоосуна-Айпери Мелисбек кызы татыктуу болду.

Бул сынакка жалпы 17 бийкеч катышып, алар кыргыз бийи, улуттук кийимдердин жана кече көйнөктөрүнүн көргөзмөсү, логикалык суроолор боюнча таймашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!