УИАда жаңы китеп жарык көрдү

18-Май 2017, Бейшемби

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык билимдер бөлүмүнүн Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту жана Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети тарабынан «Акын - агартуучулардын философиясы» аттуу окуу-усулдук куралы жарык көрдү.

Китепте XIX-XX кылымдагы кыргыз философиясынын тарыхындагы акын агартуучулар – Молдо Нияз, Нур Молдо, Жеңижок, Ныязалы Молдо Эсенгул уулу, Алдаш Молдо, Ысак Шайбековдордун чыгармачылыгына баа берилди.

Эмгектин өзгөчөлүгү өткөн мезгилдерде алар бир жактуу бааланып келгендиктен тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө аракет жасалганында десе болот. Окуу куралы агартуучулардын жашап өткөн доорлорунун социалдык-маданий жагдайы, алардын жеке өмүрүндөгү жана чыгармачылыгындагы урунттуу учурларын эске алуу менен жазылды. Кыргыз адабият таануучуларынан жана философторунан ким биринчи болуп тигил же бул агартуучунун мурасын изилдеген жана кандай баа бергенине дагы басым жасалды. Андан сырткары акын агартуучулар эмгекте кыргыз элинин салты боюнча улуулата коюлду:

1. Молдо Нияз (1823-1896)

2. Нур Молдо (1838-1920)

3. Жеңижок (1860-1918)

4. Ныязалы Молдо Эсенгул уулу (1866-1916)

5. Алдаш Молдо (1874-1930)

6. Ысак Шайбеков (1880-1957)

Аталган китеп УИАнын академиги, философия илимдеринин доктору, профессор, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун илимдин философиясы кафедрасынын башчысы Аскар Какеев, филология илимдеринин кандидаты, К.Карасаев атындагы БГУнун Үзгүлтүксүз жана аралыктан (дистанттык) билим берүү институтунун Гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы Дамира Осмоналиева тарабынан жазылды. Ошондой эле ЖОЖдун студенттери, магистранттары, аспиранттары үчүн жана кыргыз философиясынын тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!