Онкология борборунун имараты жаңыланат

7-Июнь 2017, Шаршемби

Бүгүн, 7-июнда президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборун капиталдык оңдоодон өткөрүү, модернизациялоо жана жаңы жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде борборду модернизациялоо максатында онкология ооруларын эрте аныктоо үчүн заманбап диагностикалык жабдуулардын комплексин алуу, нур терапиясы үчүн заманбап аппараттар менен жабдуу пландалып жаткандыгы белгиленди. Бул онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптарды атайын нур менен толук көлөмдө дарылоого мүмкүндүк берет.

Атамбаев каржылоо маселелерин кечиктирбей өз убагында чечүү, имаратты реконструкциялоо жана оңдоо иштерин ыкчам аяктоону табыштап, ушул жылдын 1-октябрына чейин борборду керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну тапшырды.

Мындан сырктары, борборбдогу балдар бөлүмү үчүн өзүнчө имарат куруу долбоорун баштап, бир жыл ичинде аяктоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, улуттук онкология борборунун имараттары 50 жыл мурда курулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!