Бүгүн классикалык музыка фестивалы башталат

28-Июнь 2017, Шаршемби

Бүгүн, 28-июнда кечки саат 19:00дө Бишкектин Түштүк дарабазасындагы «Жеңиш» паркында эл аралык «TENGRI music 2017» классикалык музыка фестивалы старт алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.

Музыкалык иш-чара Кыргызстандын прездентинин аппаратынын колдоосу жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулууда.

Жыл сайын өтүп келген классикалык фестивалга АКШ, Греция, Италия, Австрия, Азербайжан, Түркия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Европадан келген музыканттар катышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!