​Сами Юсуф Кыргызстан тууралуу эмне деди?

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

30-июнда Бишкекте британиялык белгилүү музыкант Сами Юсуфтун Борбор Азиядагы алгачкы концерти өттү. Ал кыргыз жерине жасаган алгачкы саякаты тууралуу пикир бөлүштү. Соцтүйүндүн колдонуучусу, журналист Эрназар Таштанбаев музыкант менен учкай баарлашкан. Маектин жүрүшүндө белгилүү ырчы Кыргызстан тууралуу буларды билдирди.

Сами Юсуф: "Эмне үчүн сиздердин кыз-келиндер өзүңүздөрдүн улуттук кийимиңиздерди кийишпейт? Мен көрдүм, улуттук кийимиңиздер абдан кооз экен. Салтта, динге каршы эмес нерселер болсо колдонсо болот. Айтайын дегеним, сиздердин кыз-келиндердин кийими диндеги аялзатынын кийимине абдан туура келе турган, кооз кийимдериңиздер бар экен, улуттук кийимдерди эмнеге кийишпейт? Кыргызстан мен элестеткенден да кооз өлкө экен. Бул өлкөнү эмнеге көбү билбейт? Мен Кыргызстанды дүйнөгө таанытыш үчүн өзүмдүн колдон келишинче салымымды кошоюн деп ойлоп жатам»,

Журналист; -Угуп, көрүп жүрөбүз көптөгөн тилдерде ырдап жүрөсүз, эми балким кыргызча да ырдап Кыргызстанды таанытыш үчүн ыр менен салым кошосуз...

Сами Юсуф; «Албетте, албетте, албетте ырдайм...»

«Ушундай дүйнөлүк инсандарды өлкөбүзгө алып келип, кыргыздын маданиятына чоң салымын кошуп келе жаткан Ислам Сатаров агабызга чоң рахмаат! Дагы да кыргыз элинин маданиятына кызмат кыла бериңиз»,-деди Эрназар Таштанбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!