Күйүккө кабылган бейтап көз жумду

7-Июль 2017, Жума

Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы газ сатуучу жайдагы болгон жарылуудан жабыр тарткандардын бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 57 жаштагы А. Б. нын денесинин башы, кулактары 70 пайызга күйүп калган. Ал бүгүн саат 12.30 абалы оорлошуп Бишкектеги ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунун көз жумган.

Ал эми калган 4 бейтап учурда Чолпон-Атадагы аймактык ооруканада дарыланууда. Алардын биринин абалы оор, калгандары канаттандырарлык.

Эске салсак, 19-июнда Ананьево айылындагы газ сатуучу жайда газ баллондор күйүп, өрттөн 8 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракаттарды алган. 2 адам (1 эркек киши жана анын 3-класстагы уулу) окуя болгон жерден каза болгон. 1 газовоз унаа, 2 портер, 1 жеңил унаа жана 500 даана газ баллон күйгөн. Анын кесепетинен 2 адам каза таап, 8 адам жабыркаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!