Ысык-Көлдөгү "Жомок" каньонуна саякат

2-Авг. 2017, Шаршемби

“Жомок" каньону Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Кажы-Сай менен Тамга айылынын ортосунда жайгашкан. Бул чополуу каньондор токтоосуз согуп турган шамалдан пайда болгон.

Укмуштай чополуу кызыл жарларды аралап өткөндө, түрдүү архитектуралык кубулуштагы жарларды кездештирүүгө болот.

Каньонго кирүү акысы – киши башына 50 сом. Унаа менен жарлардын так түбүнө чейин баруучу жол бар.


Каньон аска-таштуу ландшафтынан улам ушундай аталышка ээ болгон. Аска-таштардын арасынан түрдүү жаныбарлардын элесин көрүүгө болот.

Бул жерди атайын көргөнү келгендердин саны арбын. Аскага чыгууда тайгаланып кетпегендей бут кийимдерди кийүү зарыл.


Кажы-Сайдагы жергиликтүү элдин айтымында, "Жомок" каньонундагы пейзаждар дайыма жаңырып турат. Биринчи күнкү көрүнүш экинчи кайталанбайт. Бул аймакка тийген күндүн нуру дагы аны көркүнө чыгарат. Бир күн ичинде эле бир нече түскө боёп, чынында ажайып кооз жер экенин даана далилдеп турат.


Эстелик үчүн сүрөткө түшкөн селкилер


Чокуга чыкканда Ысык-Көлдүн көйкөлүп турганын көрүүгө болот




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!