Жол кырсыгынан 2 адам каза болду

3-Авг. 2017, Бейшемби

Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда авто кырсыктан 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-август күнү саат 09:25 чамасында аталган жолдун 40-чакырымында “Тойота-Ист” үлгүсүндөгү мамлекеттик № Е 00-90 S унаа менен “Хонда-Стрим” үлгүсундөгү мамлекеттик № В 99-51 АИ унаа кагылышып, натыйжада 45 жаштагы аял жана 12 жаштагы кыз каза болгон. Андан сырткары 1 адам жабыркап райондук ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!