Атасы баласын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө

1-Дек. 2017, Жума, 15:12

Ош шаарында жашаган 6-класстагы окуучу баланын өлүмүнө шектүү катары атасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү Ош шаарынын Шакиров тар көчѳсүндө жашагаг 2005-жылы туулган Ф.Ю аттуу 6-классынын окуучусу ѳз үйүнүн уктоочу бѳлмѳсүндѳ каза болгондугу тууралуу маалыматты милиция кызматкерлерине окуя болгон үйгѳ жардамга барган «Тез жардам» кызматы тарабынан берилген.

«Маркумду кароо учурунда денесинде кѳптѳгѳн тактар бар болгон. Учурда, ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ушул эле күнү, бул кылмышка шектүү катары, айрым бул үй- бүлѳнү жакшы билген адамдардын «баласына кѳп зомбулук кѳрсѳтчү» деген кѳрсѳтмѳсүнѳ таянып, Ош ШИИБнын тергѳѳ кызматы тарабынан маркумдун 46 жаштагы, мурда соттолгон атасы кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Аталган мѳѳнѳт аяктаган сон,бүгүн күндүн экинчи жарымында, баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факт боюнча КЖКнын «адам ѳлүмүнѳ алып келген денеге оор залал келтирүү» беренсинин негизинде кылмыш иш козголгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!