Жолбун иттер жок кылынат

1-Дек. 2017, Жума, 14:55

Жалал-Абад шаарында күз-кыш айларында көбөйүп кеткен жолбун иттерди атып жок кылуу иштери жүрүп жатат. Он бир айдын ичинде шаар аймагынан 2315 жолбун ит атылган. Мындай аракеттер шаарда айрым жугуштуу оорулардын, айрыкча эхинококкоздун таркалып кетүүсүнүн алдын алмакчы. Бул тууралуу “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчиси Төлөнбек Бакиров билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилдеринде шаарда жолбун иттердин саны көбөйүп кетет. Шаар сыртындагы аймактардан жортуп келген иттер да бул көйгөйдү күчөтөт. Жолбун иттер коомдук жайларда, көчөлөрдө шаар тургундарынын ээн-эркин жүрүшүнө тоскоолдук жаратып, айрым жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө да себепкер болушат.

-Биздин ишкана тарабынан жолбун иттерди атып жок кылуу максатында 3 мергенчи тартылган. Алар таң эрте шаардыктар көчөгө чыга элек убакта өз иштерин баштап, негизинен моюнтуругу жок бош жүргөн иттерди гана атышат. Он бир айдын ичинде 2315 жолбун ит атып өлтүрүлдү. Бул максатта ишкананын атайын каражаттарынын эсебинен 252 миң сом акча бөлүнгөн. Бирок, айрым тоскоолдуктар да бар. Мергенчилер көчөдө бош жүргөн иттерди атышкан соң, ээлери пайда боло калып, чыр чыгарган учурлар да кездешет. Ал эми жалпысынан алганда шаардыктар жолбун иттерди жок кылуу ишин колдошот, - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясы өз отурумунда шаарда эхинококкоздун көбөйүп кетишинин алдын алуу маселесин карап, “Жалал-Абад Тазалык” ишканасына жолбун иттерди атып жок кылуу тапшырмасын берген.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!