Эки жаштагы уулун тепкен киши кызматынан бошотулат

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:53

Өткөн аптанын аяк чендеринде эки жаштар чамасындагы баланы көчөдө тепкилеген жаран Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп чыкты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеменин төрагасы Дастан Догоев аны кызматтан алуу боюнча тапшырма берди.

Көчөдө баратып жерге жыгылып, кайра тура албай жаткан баланы тепкен видео социалдык тармактарда жайылгандан кийин укук коргоо кызматкерлери баланы тепкен киши кармалганын, ал наристенин атасы экенин маалымдаган. Видео борбор калаадагы Улан-2 кичи районунда тартылганы белгилүү болгон.

Учурда 50 жаштагы А.Б. аттуу кишинин баш коргоо чарасын сот бүгүн карары айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!