​Он үч жылдан кийин колго түштү

5-Дек. 2017, Шейшемби, 13:57

Баткен обулсунда 23 жашында кылмышка шектелген жаран 36 жашында кармалды.Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2003-жылы И.Т. аттуу жаран Д.Г. аттуу таанышы менен уруша кетишип, сабап салган. Натыйжада Д.Г. аттуу жарандын ден соолугуна оор залал келтирилип, ал алган жаракатынан Айдаркен айылынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Жогорудагы факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин “атайылап ден соолукка оор залал келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

“Ошол учурда 23 жаштагы И.Т. аттуу жаран кылмышка шектүү карата издөө жарыяланып, кармоо үчүн ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ыкчам кызматкерлер шектүүнүн кайда экендигин тактоо максатында издөө иштерин жүргүзүшкөнү менен ийгиликсиз болуп келген. Бирок, шектүү көп жылдар бою Россия жана Казакстандын аймагында жашырынып жүргөн. 29-ноябрь күнү Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Ы.Т. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган. Азыркы учурда кармалган жаран 36 жашка чыккан”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!