Жаш жигит таанышын бир муштап өлтүрдү

7-Дек. 2017, Бейшемби, 10:46

Аламүдүн районунда жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-декабрь күнү Аламүдүн РИИБне Озерное айылында эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, азиат улутундагы болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин табышып, маркум киши колдуу болуп каза болгондугун аныкташкан.

“Бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал күнөөсүн моюнуна алган жана төмөнкүлөр маалым болгон. Каза болгон жаран экөө таксиде баратып таанышып, Озерное айылына жеткенде таксиден түшүп калышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Катуу соккудан улам маркум эсин жоготуп койгон”,- деп айтылат Чүй ОИИБнын билдирүүсүндө.

Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!