​Көк бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

7-Дек. 2017, Бейшемби, 11:27

Кыргызстандын улуттук уюндарынын бири болгон көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул туурасында ЮНЕСКОнун расмий сатында жарыяланды.

Маалыматка караганда, көк бөрү 4-9-декабрда Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, Кыргызстандын атынан катталды.

Мындан тышкары жыйында 34 жаңы билдирмелер каралды. Алардын арасында Rочари эркектердин бийи, казактардын Асык оюну, тажиктердин “Фалак” улуттук ыры, түркмөндөрдүн Куштелди бийи бар.

Эскерте кетсек, буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосунун үчилтиги, акындардын айтышы, ала-кийиз, шырдак, Оштогу Сулайман-Тоо музейи, Нооруз майрамы, боз үй кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!