УИАда “Рахматулин-Ормонбеков окуулары” өтүүдө

1-Июнь 2017, Бейшемби

“Рахматулин-Ормонбеков окуулары” эл аралык илимий конференциясы бешинчи жолу өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты өлкөнүн дүйнөлүк илимий коомчулуктагы интеграциясы үчүн жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматына билдиришти.

Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев салтанаттуу түрдө ачып берип, белгилүү окумуштуу, УИАнын академиги Кубанычбек Жумалиев алып барууда.

Конференциянын жүрүшүндө пленардык отурумдарга орун берилип, УИАнын окумуштуулары менен чет элдик көрүнүктүү илимпоздор докладдарын окушат.

УИАнын Ж.Жеенбаев атындагы Физико-техникалык маселелер жана материал таануу институту уюштуруп, Россия илимдер академиясынын П.Ширшов атындагы Океанология институту, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик Техникалык университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Эл аралык Инновациялык технологиялар университетинин, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин толкундуу жана газ динамикасы кафедрасы жана Х. Рахматулин жана Т.Ормонбеков атындагы эл аралык илимий фонду катышууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!