​Аэропортко электрондук тосмолор орнотулат

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:43

Өкмөт башчы Сапар Исаков жыл аягына чейин Эл аралык “Манас” аэропортуна заманбап чек ара көзөмөл системасы болгон электрондук тосмолорду орнотуу тапшырмасын берди. Мындай тапшырманы ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында буйурду.

Анын айтымында, электрондук тосмолор биометрикалык паспорттору бар жарандардын чекаралык текшерүүдөн тез өтүүсүнө шарт түзөт. Ал документин эсептөөчү түзүмгө тийгизип гана өтүп кете алат.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев бул системаларды жыл аягына чейин орнотуу пландалганын, бирок жабдыктарды алып келүүдө маселелер болуп жатканын, ошондуктан электрондук тосмолорду жайгаштыруу кийинки жылы ишке ашарын билдирди.

Бул системаны сатып алуу үчүн каражат бир нече ай мурун төлөнгөнүн айткан Өкмөт башчы, эгер бул жабдыктар убагында орнотулбаса кимдир бирөө жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!