​Фракция өкмөттүн ишине канааттанган жок

​Фракция өкмөттүн ишине канааттанган жок
21-Апр. 2017, Жума

Өкмөт Жогорку Кеӊештин “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында 2016-жылдагы аткарган иши боюнча отчет берди.

Фракция жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов баяндама жасады.

Анын айтымында, 2016-жылы өкмөттүн кабыл алган программасы 90 пайызга аткарылаган, экономикалык өсүш 3,8 пайызды түздү. Ошондой эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40 пайыз өлчөмүндө инвестиция тартылган. Ал эми экспорттун көлөмү 5,1 пайызга көбөйгөн.

Өткөн жылы өлкөгө келген чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4 пайызга төмөндөгөн.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү өкмөттү социалдык-экономикалык тармактарга өзгөчө көӊүл бурууга чакырып, жол куруу тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Ошондой эле маданият тармагына бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жылдан жылга азайып баратканына токтолгон эл өкүлдөрү быйыл бул маселеге тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектиги айтышты.

Жыйынтыгында өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүгүндө кемчиликтер арбын экендиги белгилеп өкмөттүн ишине канааттанбагандыгын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!