Шумахер өтө кичирейип кеткендиги айтылууда

Шумахер өтө кичирейип кеткендиги айтылууда
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:51

«Формула-1дин» 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахердин саламаттыгы тууралуу улам үрөйдү учурган маалыматтар интернет булактарында таркап жатат. Бир канча жылдан бери комада жаткан чемпиондун салмагы төмөндөп, өтө кичирейип кеткендиги айтылууда. Шумахердин мурдагы менеджери Вилли Вебер автожарышчынын үй-бүлөсүнөн анын саламаттыгы тууралуу жашырбастан, ачык айтышын талап кылды. Ал Шумахерди Америкага дарылоого жөнөтүлүп жаткандыгы жана азыркы абалы боюнча жакындары унчукпай жаткандыгына нааразы болгондугун Sport24 телеканалына билдирди.

Эскерте кетсек “Формула-1” сериясындагы автожарыштардын 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер 2013-жылы декабрь айында Францияда эс алууда кырсыкка кабылган. Ал лыжа тээп баратып баш мээсинен оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал учурда Швейцарияда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Саламаттыгы боюнча так маалыматтар жок. Болгону апта сайын 120 миң долларга жакын каражат сарпталып жатканы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!