70 миң кишилик стадион 15 секундда жок болду

70 миң кишилик стадион 15 секундда жок болду
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:04

Америка атактуу Атлантагы “Жорджия Доум” үстү жабык стадионун кайрадан куруу максатында саналуу секундда жок кылды. Мындай ири аренаны жардырууга 2,5 тонна жардыргыч зат колдонулган. Имаратты талкалоого 12 секунд эле убакыт кеткен, дагы 3 секундда стадиондун чатыр кулап түшкөн.

Бул спорт аренасы 1992-жылы ачылып, 71 250 көрүүчү батат. Стадион америкалык “Атланта Фэлконс” футбол командасынын экинчи үйүнө айланган. Ачылгандан бери спорт аренасы 1400 жакын спорттук иш-чараларды өткөргөн. Айрыкча 1996-жылы Атлантада баскетбол боюнча Олимпиадалык оюндары өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!